Новости

Студенттердин колунан жаралган эмгектердин көргөзмөсү тартууланды

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында педагогика жана дене тарбия факультетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан колледж тайпаларынын студенттеринин «Тарых жана маданият жылына» арналган кол өнөрчүлүк, сүрөт боюнча көргөзмөсү уюштурулду.

“Көргөзмөгө 2-курстун колледж тайпаларына I семестр өтүлгөн сүрөт жана эмгек сабактарында студенттер тарабынан жасалган эмгектер коюлду.

Мында сүрөт сабагы боюнча карандаш менен иштөө, боек менен иштөө, темага карата сүрөт тартуу, жомокторго, Ч.Айтматовдун чыгармаларына карата иллюстра́ция тартуу, эмгек сабагы боюнча түстүү кагаз менен иштөө, мазаика, пластилин менен иштөө, кездеме менен иштөө, кагаз менен иштөө, жаратылыш материалдары менен иштөө сыяктуу студенттердин чыгармачылык менен иштелген эмгектери алып келинди”, -деди аталган кафедранын окутуучусу Каныбек Джанибеков.

Ал эми окутуучу Гулзат Самидинова “Биздин студенттер мектепке барганда балдарга жашоону боек, кагаз, жаратылыш материалдары менен чагылдырууну кандай жасоо ыкмаларын үйрөтүшөт. Андыктан биз студенттерге чыгармачылык менен иштөө, сүрөт тартууну, кол өнөрчүлүктү үйрөтүбүз. Бул предметтерден жакшы үйрөнгөн студенттерибиз келечекте окуучуларга туура жол көрсөтөрүнө ишенебиз”, -деди.

Белгилей кетсек, “Тарых жана маданият жылына карата” педагогика жана дене тарбия факультетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан жыл бою бир топ иш чаралар аткарылган. Эми аталган көргөзмө 19-декабрда факультеттин базасында тартууланат.

8196 16:03 16-12-2016

                 

Новости

|< >|