Новости

«Көчмөн цивилизациясындагы кыргыз философиясынын орду» аттуу студенттердин илимий-теориялык конференциясы болуп өттү

“Тарых жана маданият жылына” жана Бүткүл дүйнөлүк философтор күнүнө карата «Көчмөн цивилизациясындагы кыргыз философиясынын орду» деген аталышта студенттердин илимий-теориялык конференциясы ОшМУнун философия жана политология кафедасы тарабынан уюштурулду.

Илимий-теориялык конференцияда көчмөн цивилизациясындагы кыргыз философиясынын орду жана глобалдашуу доорундагы алардын коомчулукка тийгизген таасирин аныктоо маселелери каралды. Конференцияга ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору И. Г.Кенжаев, ф.и.к., доцент В. Б. Жаныбекова, ф.и.к., доцент Ө. С Акматов, Ош МУнун студенттери, философия илимидери боюнча илимдин кандидаттары, докторлору жана философия жана политология кафедрасынын мүчөлөрү катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер кыргыз философиясынын күнгөй-тескейи, көчмөн цивилизациясыдагы кыргыздардын философиялык ойлору, кыргыз философторунун дүйнө таанымыдары боюнча баяндамаларды жасашты.

Жыйынтыгында мыкты баяндама жасаган студенттерге дипломдор, номинациялар, сетификаттар тапшырылды.

Студенттердин илимий-теориялык конференциясы аталган кафедранын доценттери Аматова Г. У., Токоева Г. А., окутуучулары Базаркулова Т. А., Эшеналиева Д. Т. тарабынан уюштурулду.

5640 13:51 16-12-2016

                 

Новости

|< >|