Новости

14-декабрь, 2016-жыл. Тарых факультетинде тегерек стол болуп өттү.

14-декабрь, 2016-жыл. Тарых факультетинин 1-курсунун магистранттарына Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор Т.Д. Кадыровдун демилгеси менен салттуу лекциядан алыстап, баарлашуу багытында сабак өтүүнү максатка ылайык деп табылды. Жогорудагы демилге колго алынып, т.и.к., профессор Ж.Адилбаев тарабынан "Кыргызстандын келечегин кандай көрөсүз?" деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго эксперт катары коомдук ишмер, тилдерди үйрөтүү жаатындагы бир нече усулдук колдонмолордун автору Шайлообек Назаралиев катышты жана кызуу талкуулар менен коштолду.
4391 15:40 15-12-2016

                 

Новости

|< >|