Новости

13-декабрь, 2016-жыл. Тарых факультетинде кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

13-декабрь, 2016-жыл. Тарых факультетинде 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын башчысы, т.и.к., проф. Кадыров Т.Д., профессордук-окутуучулар жамааты, мектеп завучтары жана мугалимдери катышышты. Алсак, Кара-Суу районуна караштуу №101 К.Момбекова атындагы мектептин завучу Шамшиева Бегайым, тарых мугалимдери Ажиева Айнура, Сааданбек уулу Дамир, "Жетиген" мектебинин тарых мугалими Маманов Муратали учурдагы мектептеги окуу процессиндеги жаңылыктарга жана көйгөйлүү маселелерге токтолушту. Студенттер тарабынан даярдалган видеослайддар жана тасмалар көрсөтүлдү, ошондой эле, мектеп жамаатынан келген ыраазычылык каттар жана грамоталар тапшырылды. Конференцияны педагогикалык практикалар боюнча жооптуу, т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э. уюштурду.
4163 15:19 15-12-2016

                 

Новости

|< >|