Иран өлкөсүнүн делегациясын Семнан медициналык илимдер университетинин ректору доктор Махди Шахнуш, окуу иштери боюнча проректору, доктор Навит Дании жана эл аралык байланыштар департаментинин директору профессор Манучехр Сафари баштап келип, ОшМУнун окуу, илимий багытындагы ишмердүүлүгү менен таанышышып, материалдык техникалык базалары жөнүндө кеңири маалымат алышышты.
Жыйынтыгында Семнан университетинин ректору Махди Шахнуш жана ОшМУнун жетекчилигинин өкүлү Темир Жоробековдор меморандумга кол коюшту. Келишим боюнча эми эки университеттин студенттери жана окутуучулары үчүн академиялык алмашуу программаларына жол ачылды.
Меморандумга ылайык эми эки өлкөнүнүн жогорку окуу жайлары медицина багытында окутуучу, илимпоздор менен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу, тажрыйба алуу багытында өз ара алмашуу, стажировкаларды, конок лекцияларды уюштуруу, биргелешкен эл аралык конференцияларды, симпозиумдарды өткөрүү, эл аралык илимий долбоорлорго биргеликте кирүү сыяктуу кызматташтыктарды жүргүзүшөт.