Новости

Равшан Момуновдун “Ыйлаба, ыйлабачы булуттарым” аттуу тушоо кесүү концерти чоң аншлаг менен өттү

Обончу жана аткаруучу, ОшМУнун Рыспай Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси Равшан Момуновдун Ош улуттук драма театрында болуп өткөн “Ыйлаба, ыйлабачы булуттарым” аттуу тушоо кесүү концерти чоң аншлаг менен өттү.

Аталган концертке ОшМУнун жалпы жамааты, жалпы музыка сүйүүчүлөрү катышты. Концертте Равшан Момунов Рыспай Абдыкадыров жана Асанкалый Керимбаев сыяктуу залкар ырчылардын ырларын аккордеондун, комуздун коштоосунда жандуу үн менен ырдап, концерттин катышуучуларынын алкышына арзыды. Концертти белгилүү куудул Тынар Курбаналиев алып барса, белгилүү ырчы, обончу Түмөнбай Колдошов сахналаш достору менен биргеликте ырчынын демине-дем кошуп, акын Улукбек Омокеев башында турган «Жигер» чыгармачылык борбору ыр менен турмуш чындыгын чагылдырган сахналалык көрүнүштөрүн тартуулашты.

Концерттин жүрүшүндө Равшан Момуновго «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси тагылды. Ал эми таланттарды дайыма колдоп келген Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков университеттин жалпы жамаатынын атынан куттуктап, университеттин Ардак грамотасын, 60 миң сом жана бир айлык өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгын тапшырды.

Өчпөс өнөрдү аркалаган Равшан Момуновдун чыгармачылыгына жалпы күйөрмандардын атынан чыгармачылык эргүү, ийгилик каалайбыз.

7187 14:35 14-12-2016

                 

Новости

|< >|