«Эне тил барда мен бармын,
Эне тил менен Камбармын!» аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Кечеде Камбаралы Бобуловдун эне тил, сүйүү, эне туурасында жана патриоттук ырлары студенттер тарабынан көркөм окулуп, “Түштүк кызы” повестинен инсценировка аткарылды. Өмүр чыгармачылыгы, акын-жазуучулугу, сынчылыгы, коомдук ишмердиги туурасында студенттердин билимин толуктап, факультеттин деканы Т.Д.Асылбеков, мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Ф.Э.Алиевалар баяндама жасап беришти. Студенттерге К.Бобуловдун өмүр жолу туурасында суроолор берилип, туура жооп берген студенттерге белектер берилди.
Студенттер тарабынан зал жасалып, көргөзмө уюштурулду. Иш чара мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Жыпаргүл Айтибаева тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде өтүлдү.