Новости

Жыйынтык сабак өткөрүлдү

Бүгүн Өзгөн медициналык колледжинин «жалпы гуманитардык жана социалдык экономикалык дисциплиналар кафедрасынын» окутуучусу Г.Т.Кошатова тарабынан “органикалык эмес химия” дисциплинасынан өтүлгө темаларды жыйынтыктоо жана модул кабыл алуу максатында «Фармация» адистигиндеги студенттер арасында «Студент окуса эң жакшы, окутуучу коррупцияга каршы» деген ураан менен Ак терек көк терек фармация адистигине модул керек деген ат менен бир 1Фарам-1-16 тайпасы көк терек, 1Фарм-2-16 тайпасы ак терек деп ат коюшуп жыйынтык сабак өткөрүлдү. Булл жыйынтыктоочу сабакка Өзгөн медициналык колледжинин директору О.Т.Станбаев, ОМБ башчысы М.А.Мамаджанов, кафедра башчылары Ж.А.Карынова, К.Т.Раева, коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрайымы Р.О.Жумалиева жана бир катар окутуучулар катышышты. Жыйынтыктоочу сабак бир парага пландаштырылып оюн түрүндө өтүп 15 турга бөлүнгөн. Ар бир турдун суроолору ар башка түзүлүп эки командадан бир-бирден студент номерине карай чыгып жооп берди. Жыйынтыгында эң көп балл топтогон командага 30 (отуз) балл экинчи орунга 28 (жыйырма сегиз) балл коюлаарын окутуучу оюн башында эскертип өттү. Бул жыйынтыктоочу сабактын артыкчылыгы биринчиден ар бир студент активдуу катышат экен, экинчи бир тарабы номерине карай шерик шеригин табат. Мисалы биринчи номер менен биринчи номер. Сабактын жыйынтыгында ар кандай сын пикир, сунуштар айтылды. Өзгөн медициналык колледжинин директору бул сабак мага аябай жакты 15 пукттун ичинде бардык багыттар камтылган. Мисалга алсак ой жүгүртүү, эсте тутуу сүрөт аркылуу эскини эстөө жаңыны салыштыруу, элементтерди топ-тобуна бөлүү көргөзмө жасаган өз алдынча иштери дегендей мен өз баамды көк терек командасына берем деп жыйынтыктады. Химия дисциплинасынын окутуучусу Т.Минбаева – “мындан ары да көп-көп даярданса мындан да жакшы болмок”. Фармацевтикалык технология предметинин окутуучусу З.Н.Жаанбаева – бул сабак өзгөчө болду мен калыс катары бул сабактын мындай деңгээлде өтүшү үчүн чоң эмгек керек. Ал эмгекти жаратуу үчүн тоодой билим керек экендигин билдирди. Студенттерге баракчалар таркатылып сабактан күткөн натыйжаларын орундалдыбы деген суроо берилип жана ой пикирин жаздырганда басымдуу студенттер төмөнкүдөй жооп берген. Ар дайым сабакты салттуу түрдө эмес жаңыча ушундай өтсөк баары эсте калат экен. Компьютердик технологиянын жардамында эмес өз колубуз менен өз алдынча иштерди аткарсак деген ой пикирлерди билдирди.
3964 18:55 13-12-2016

                 

Новости

|< >|