Новости

“Эне аман, бала аман, эл аман!” деген аталыштагы жолугушуу кече уюштурулду

Бүгүн, 13-декабрь күнү ОшМУда “Эне аман, бала аман, эл аман!” деген аталыштагы жолугушуу кече болуп өттү.

Жолугушууга Ош шаарындагы Маматалиев клиникасынын 1-категориядагы врач-гинекологу Жылдыз Дастанкулова жана Ош шаардык онкологиялык ооруканасынын директорунун орун басары врач-маммолог Зарипа Паизовалар келип, студенттердин, окутуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берип, кеңештерин айтышты.

“Кыздар коомдун күзгүсү. Биз канчалык кыздардын келечегине кам көрүп, аларга татыктуу билим, тарбия берсек, ден соолугуна кам көрсөк келечекте алар ошондой мыкты улан-кыздарды тарбиялап өстүрүшөт. Бүгүнкү жолугушууда биздин жаштар ден соолукка кам көрүп, жашоонун сергек образына ээ болууга багыттаган кеп-кеңештерди алышты деп ойлойм”- деди жолугушуунун уюштуруучусу, математика жана информациялык технологиялар факультетинин Аялдар кеңешинин төрайымы Гулмира Шамшиева.

Белгилей кетсек, ОшМУда Аялдар кеңеши тарабынан жыл бою мындай иш чаралар байма-бай уюштурулуп келет.

6565 16:16 13-12-2016

                 

Новости

|< >|