Улуу жазуучубузга арнап, кыргыз тили жана адабияты мугалими Камалидин кызы Дуриянын демилгеси менен “Гимназиянын таланттуулары Айтматовду таанытат” деген теманын алкагында иш чара өткөрүлдү. Анда окуучулар акындык, сүрөтчүлүк өнөрлөрүн көрсөтүштү.
“Иш чараны уюштуруудагы негизги максатыбыз окуучулардын алган билимдерин тереңдетүү, чыгармачылыкка болгон шык-дараметтерин ойготуу, улуу жазуучубуздун залкар чыгарамаларын даңазалоо, улуттук адабият күнүн балдарга таанытуу болуп саналат”,- дейт Камалидин кызы Дурия.
Ошондой эле, 11-класстын окуучуларына адабият сабагынан кыргыз тили жана адабияты мугалими Барчынай Купуева “Айтматовдун ааламына саякат” деген темада ачык саат өттү.