Новости

“Билим” лицейинин окуучусу өспүрүмдөр арасындагы самбо боюнча турнирде 3-орунду багындырды

Декабрь айында Бишкек шаарында салтка айланып жыл сайын уюштурулуп келе жаткан СССРдин спорт чебери Ж.Айнакуловдун элесине арналган өспүрүмдөр арасындагы XVII Эл аралык самбо боюнча турнир болуп өттү.

Аталган турнирге Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейинин 11-классынын окуучусу Жумабай уулу Бексултан да катышып, жыйынтыгында 3-орунга ээ болду.

Спорт менен машыгып буга чейин да бир нече мелдештерде жеңишке жетишкен Жумабай уулу Бексултанды лицейдин мугалимдери жана окуучулары куттуктап, окууларына ийгилик каалашты.

6030 11:14 12-12-2016

                 

Новости

|< >|