Стейк-холдерлер менен жолугушуу.
10:16
2016-жылдын 9-декабрь күнү саат 13:00дө 213-аудиторияда Укук таануу кафедрасынын окутуучулары тарабынан стейк-холдерлер менен студенттерде кесиптик компетенттүүлүктү калыптандыруу максатында жолугушуу уюштурулуп өткөрүлдү.
Жолугушууга:
1. Ош шаардык сотунун судьясы – Акматов Абдималик Алиевич
2. Ош облусунун адвокаттык коллегиясынын ЮК-3 жетекчиси – Аманова Сонун Дуйшеевна
3. Ош шаардык №1 адвокаттык кенсенин адвокаты – Ташбаев Айбек
4. ОшМУнун өндүрүш менен байланыш департаментинин диретору – Матикеев Талант Матикеевич
5. Түштүк-батыш регионалдык командалыгынын колбашчысынын укук тармагынан жардамчысы, юрисконсульт, подполковник Мырзаев Данияр келишти. Студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Жооптуу: Укук таануу кафедрасынын улук окутуучусу Мадаминова Дилорам Полотбековна.
4178 10:16 12-12-2016