Новости

"Бизнес жана менеджмент" факультети СПИДге каршы волейбол боюнча турнир өткөрдү

"Бизнес жана менеджмент" факультетинин 1-курста окуган студент балдар арасында "Биз СПИДге каршы күрөшөбүз" деген ураан менен 2 күндүк балдар арасында волейбол боюнча турнир өткөрүлдү. Турнирге факультеттин ар бир кафедраларынан бирден командалар ат салышып, жалпысы алты команда катышты. Жыйынтыгы боюнча алып карасак командалар арасында мыктылыгын көрсөткөндүгү үчүн ЭЭ(б)-2-16 тайпасынын студенти Шекеев Жыргалбек - "Мыкты коргоочу", ГМУ(б)-1-16 тайпасынын студенти Назирбай уулу Арген - "Мыкты чабуулчу" деп табылды. Ал эми 1-орунга "Ишканалар экономикасы жана бизнести башкаруу" кафедрасынын командасы, 2-орунга "Салык жана салык салуу" кафедрасынын командасы татыктуу деп табылса, ал эми 3-орунду "Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ" кафедрасынын командасы ээледи. Турнирдин жыйынтыгы боюнча мыктылар атайын даярдалган сыйлыктар менен сыйланды.
4778 11:03 08-12-2016

                 

Новости

|< >|