“Иш чаранын негизги максаты аймак таануу, өмүрү өрнөк инсандардын ишмердүүлүгү менен студенттерди жеринде тааныштыруу, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү болуп саналат”, -деди аталган тайпанын куратору Чолпонай Муратова.
Сапардын алкагында студенттер Н. Исановдун эстелигине гүл коюп, анын элесине арнап куран окушкан. Ошондой эле айыл өкмөт башчысы Н.Асановдун аткарган жумуштары, айыл өкмөттүн тарыхы жөнүндө маалымат алган.
Андан ары А.Чынгараев мектебинде бүтүрүүчү класстар менен жолугушуп, пикир алышып, ОшМУ жөнүндө маалымат беришип, окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришкен. Аны менен катар ФКК-2-13тайпасы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө даярдап барган концерттик прогаммаларын да тартуулап келишкендигин уюштуруучулар маалымдады.
Кошумчалай кетсек, сапардын жүрүшүндө студенттер айыл өкмөттө казылып жаткан каналдын иштерине кол кабыш кылып кайтышкан.