Новости

Адабият күнүнө арналган адабий кече тартууланды

Ош мамлекеттик университетинин №2-китепканасынын китепканачылары тарабынан 6-декабрь күнү 12-декабарь- “Адабият күнүнө” карата Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин ЧАЗында “Чыгармасы көп тилдерде сүйлөгөн, Адамдыкка, Адилетке үндөгөн” деген темада адабий кече өткөрүлдү.

Адабий кечени ачып берген ОшМУнун илимий китепканасынын директору Сайра Мамбетова жалпы окурмандарды китепти окууга, сүйүүгө чакырды. Ал эми ОшМУнун магистратура департаментинин директору Таасилкан Жумабаева адабият күнү менен куттуктапды.

Кыргыз тили адабиятын окуутунун методикасы кафедрасынын башчысы, доцент Ташболот Жороев Ч.Айтматовдун "Кыямат" романынан “Жетинин бири” деген темада кыргыз филология жана журналистика факультетинин КЛ(б)-1-16 тайпасына өттү. Аталган сабакка кеченин катышуучулары да активдүү катышып, кызыктуу талкуудар менен коштолду.

Кеченин жүрүшүндө студенттер кыргыз, орус, англис, кытай тилдеринде залкар жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча ойлорун ортого салышты. Ошондой эле түбөлүктүү акын А. Осмоновдун ырларынан көркөм окулуп, обондуу ырлар ырдалды.

8467 14:01 07-12-2016

                 

Новости

|< >|