Новости

“Чыгармасы көп тилдерде сүйлөгөн, Адамдыкка, Адилетке үндөгөн” деген темада адабий кече өттү

УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮНӨ БЕШ ЖЫЛ Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата 2016-жылы бештин айынын 6-күнү саат 14.00 № 2-китепкананын жыйындар залында “Чыгармасы көп тилдерде сүйлөгөн, Адамдыкка, Адилетке үндөгөн” атуу адабий-музыкалык кече, китеп-сүрөт көргөзмөсү менен уюштурулду. Адабий кечени ОшМУнун илимий китепканасынын директору Мамбетова Сайраш Сатындыевна ачып берди. Илимий китепкананын жамааты “Улуттук адабият”, “КРнын китепканалар” жана “Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күндөрүн өткөрүүнүн негизги максаты: бүгүнкү күндө жан дүйнөбүздү өзгөртүү, өзүбүздүн ички купуя табиятыбызды тарбиялоо салттуу маданиятты аңдап билүү аркылуу, жакшылыкка багыт алып, өткөндү эстеп, келечекке үндөө. Ошондой эле быйыл бугу айынын 19-күнү “ОшМУда китеп түнү” жана “ОшМУнун ачык асман алдындагы китепканасы” ачылып окурмандар тарабынан колдоого ээ болуп, андагы китептер окурмандардын колунан өтүп жаткандыгын билдирди. ОшМУнун магистратура бөлүмүнүн башчысы, профессор Т.Т.Жумабаева кыргыз жана дүйнөлүк адабияттарга кайрылуу аркылуу жоомарттыктын, акылмандыктын, патриоттук сезимдердин уюткусун алуу менен чыгармаларды талдай билүгө үндөдү. Кыргыз тили адабиятын окуутунун методикасы кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Т.Жороев Ч.Айтматовдун "Кыямат" романынан “ Жетинин бири“деген темадагы сабакты кыргыз филология жана журналистика факультетинин КЛ(б)-1-16 группасы менен кызыктуу талкуу жүргүздү. Талкуу жогорку дэңгээлде өтүп, кечеге келген башка факультеттин студенттери да активдүү катышышты. Матжакыпова Багдагүл КР(б-1-14) тайпасынын 3-курсунун студенти, Жумабек уулу Элчибек РЛ(б-1-15) тайпасынын 2-курсунун студенти, Арзыкулова Чолпон КК(2-16) тайпасынын 1-курсунун студенти, Абай уулу Эрбол МО(1-13) 4-курсунун студенти, Алимкулов Шадат Конфуций институтунун 1-курсунун студенти кыргыз,орус, англис, кытай тилдеринде Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча айтып беришти. А.Осмоновдун чыгармаларынан көркөм окулду жана обондуу ырлары ырдалды. А.Осмоновдун “Ата журт” ырын КЛ(б-1-16) тайпасынын 1-курсунун студенттери аткарышты.
3946 09:41 07-12-2016

                 

Новости

|< >|