Новости

Равшанбек Момунов 9-декабрь күнү “Ыйлаба, ыйлабачы булуттарым” аттуу тушоо кесүү концертин тартуулайт

Обончу жана аткаруучу, ОшМУнун Рыспай Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси Равшанбек Момунов 9-декабрь күнү, Ош улуттук драма театрында “Ыйлаба, ыйлабачы булуттарым” аттуу тушоо кесүү концертин бергени турат.

Концертте Рыспай Абдыкадыров жана Асанкалый Керимбаев сыяктуу залкарлардын ырлары аккордеондун жана комуздун коштоосунда 100% жандуу үн менен коштолуп, бир катар жаңы обондорунун бет ачаары да болмокчу.

Жалпыңыздарды концертке келип, аккордеондун коштоосундагы кереметүү ырларларды угуп, эс алып кетүүгө чакырабыз.

8914 15:37 06-12-2016

                 

Новости

|< >|