Новости

Магистранттардын кабыл алуу аземи жана “Илим фестивалы” өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинде 26-ноябрда Магистратура бөлүмү тарабынан 1-2-курста билим алып жаткан магистранттарга арналган “Илим фестивалы” өткөрүлдү. Фестивалдын алкагында “Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” атуу илимий практикалык конференция, магистранттарды кабыл алуу аземи болуп өттү.

Конференцияга факультеттердин декандары: С.Ш. Калыгулова, С.А. Смадияров, Т.А. Мамытов, К.А. Курбанбаев, Э.Т. Камалов, программа жетекчилери, тиешелүү факультеттердин магистратура жетекчилери жана 1-2-курстардан 350 дөн ашуун магистранттар катышышты. Фестивалды магистартура бөлүмүнүн жетекчиси б.и.д., профессор Т.Т. Жумабаева алып барды. Салтанатка катышкан окуу иштери боюнча проректор, ф.-м.и.к., доцент К.Г. Кожобеков, магистратуранын ачылуу башатында турган, э.и.к., доцент Э.Т. Камаловдор куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Конференциянын пленардык отурумунда 4 баяндама окулуп, кызуу талкуу жүрдү. Андан соң студенттик “Нур” гезитинин редактору, жаш акын, көптөгөн сыйлыктардын ээси, сынактардын лауреаты У.А. Омокеев магистранттарды кабыл алуу аземин ачып, алып барды. Салтанатта 2-курстун магистранттары биринчи курстардын магистранттары үчүн даярдап келген мыкты сыноолорун, тамаша-азилдерин, ыр-бийлерин тартуулап, куттукташты. Соңунда биринчи курстардын магистранттары эл алдында салтанатуу ант беришип, экинчи курсттардын колунан зачеттук китепче менен магистранттын күбөлүгүн алышты.

Аземдин жыйынтыктоочу бөлүгүндө ар бир магистрант профессор Т.Т. Жумабаеванын рецепти менен даярдалган, Магистранттын:

а) эмгек тери -35%;

б) ТК – 5% (мүнөзү);

в) РК, модул – 10% (суугу);

г) Экзамен – 15% (ысыгы);

д) Сүйүү илебинен -40%;

е) Келечек үмүтү – 15%;

ж) Эмгек үзүрү – 20% , “Илим булагынан” татып көрүп, чөйчөкчөнүн түбүндө катылган, ар бирин ийгилик коштоосун, окуусу, жашоосу, иштери дайым “5” болсун деген тилек менен кошулган “Ийгилик тумарына” ээ болушту.

Фестивалдын иши андан ары 6 секцияда уланды. Жалпысынан магистранттардын 82 баяндамалары угулуп, талкууланды. Эң мыкты баяндама жасаган магистарнттар сертификаттар, 1-2-3-орундарды ээлеген магистранттар дипломдор менен сыйланышты.

6799 10:34 06-12-2016

                 

Новости

|< >|