Новости

2016-жылдын 26-ноябрында ОшМУда 1-2-курстардын магистранттарына арналган “Илим Фестивалы” өткөрүлдү.

1. “Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” атуу илимий практикалык конференция.

2. Магистранттарды кабыл алуу аземи болуп өттү.

Конференцияга факультеттердин декандары: С.Ш. Калыгулова, С.А. Смадияров, Т.А. Мамытов, К.А. Курбанбаев, Э.Т. Камалов, программа жетекчилери, тиешелүү факультеттердин магистратура жетекчилери жана 1-2-курстардан 350 дөн ашуун магистранттар катышышты. Фестивалдын программасына ылайык 1-бөлүгүн бөлүмдүн жетекчиси б.и.д., профессор Т.Т. Жумабаева алып барып, анын салтанаттуу ачылуу аземи менен башталып, окуу иштери боюнча проректор, ф.-м.и.к., доцент К.Г. Кожобеков, магистратуранын ачылуу башатында турган, э.и.к., доцент Э.Т. Камаловдор куттуктоо сөздөрүн айтышты. Конференциянын пленардык отурумунда 4 баяндама окулуп, кызуу талкуу жүрдү.

Андан соң студенттик “Нур” гезитинин редактору, жаш акын, көптөгөн сыйлыктардын ээси, сынактардын лауреаты У.А. Омокеев магистранттарды кабыл алуу аземин ачып, алып барды. Салтанатта 2-курстун магистранттары биринчи курстардын магистранттары үчүн даярдап келген мыкты сыноолорун, тамаша-азилдерин, ыр-бийлерин тартуулап, куттуктап кечеге шаң алып келишти. Соңунда биринчи курстардын магистранттары эл алдында салтанатуу ант беришип, экинчи курсттардан зачеттук китепче менен магистранттын күбөлүгүн алышты.

Аземдин жыйынтыктоочу бөлүгүндө ар бир магистрант профессор Т.Т. Жумабаеванын рецепти менен даярдалган, Магистранттын:

а) эмгек тери -35%;

б) ТК – 5% (мүзөсү);

в) РК, модул – 10% (суугу);

г) Экзамен – 15% (ысыгы);

д) Сүйүү илебинен -40о;

е) Келечек үмүтү – 15%;

ж) Эмгек үзүрү – 20% , “Илим булагынан” татып көрүп, чөйчөкчөнүн түбүндө катылган, ар бирин ийгилик коштоосун, окуусу, жашоосу, иштери дайым “5” болсун деген тилек менен кошулган “Ийгилик тумарына” ээ болушту.

Фестивалдын иши түштөнүүдөн кийин саат 14-17ге чейин тиешелүү секцияларда өз ишин улады. Конференцияга топтолгон макалалар, эксперттерден өткөрүлүп, иргелип, такталып 6 секцияга бөлүндү. Жалпысынан магистранттардын 82 баяндамалары угулуп, талкууланды. Эң мыкты баяндамалары үчүн магистранттар 1-3-орундарга дипломдор жана белектер, катышуучуларга конференцияда активдүү катышуу менен баяндама жасагандыгы үчүн атайын сертификаттар менен сыйланышты.

3900 14:43 05-12-2016

                 

Новости

|< >|