Новости

«Ыйман» «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрөгасы Кадырбеков Нуржигит АГИде

2016-жылдын 1-декабрында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин конференц-залында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрөгасы Кадырбеков Нуржигит «Интеллектуалдык инвестиция» долбоорунун алкагында «Убакытты колдонуу» деген темада семинар өттү. Семинарга факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана жалпы студенттер катышты. Кызыктуу суроо-жооптор менен аяктаган семинардын жыйынтыгында Н. Кадырбековго институттун жетекчилиги тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды. Ошондой эле Н. Кадырбеков да фонддун атынан чыгарылган китептерди АГИнин китепканасына белек кылды. Жолугушууда институттун директору Т.А.Жоробеков «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрөгасы Кадырбеков Нуржигит мырза менен кызматташуу жөнүндө кеңири пикир алышты.
5841 12:15 05-12-2016

                 

Новости

|< >|