Новости

АГИнин студенттери ОшМУда конференцияда болуп келишти

Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин студенттери Абдылдаев Кубатбек, Сулайманов Алпамыш жана Жетимишов Назарбек 2016-жылдын 22-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында илим күнүнө карата жыл сайын уюштурулуп келген “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык студенттик илимий конференцияга катышып келишти. Конференцияда 4-курстун студенти Абдылдаев Кубатбек пленардык жыйында “Радикалдашууга себеп болгон туура эмес диний түшүндүрмөлөр” деген темада баяндама кылса, Сулайманов Алпамыш “Маалымат технологиялар жана алардын жаштарга тийгизген таасири”, Жетимишов Назарбек “Диндин коомдогу орду жана экстремисттик террористтик уюмдардын иш аракеттери” деген темаларда баяндама жасашып, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти. Конференциянын жыйынтыгында Абдылдаев Кубатбек пленардык жыйында эң мыкты макала окугандыгы үчүн I даражадагы диплом менен сыйланды. Ошондой эле Сулайманов Алпамыш диплом менен сыйланды. Сыймыктуу студенттерибизге окууларында ийгиликтерди каалап, студенттерибизге ишеним көргөзүшкөн ОшМУнун ректоратына ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
4651 12:03 05-12-2016

                 

Новости

|< >|