Новости

“Бизнес жана менеджмент” факультетинде тегерек стол өтүп жатат

“Бизнес жана менеджмент” факультетинин имаратынын конференциялык залында 2016-жылдын 3-декабрында саат 10-00дөн баштап “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ” кафедрасынын демилгеси менен уюштурулган “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” профили боюнча окутуу программасынын сапаты жана бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары темасында тегерек стол болу жатат. Тегерек столдо “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” профили боюнча окутуу программасы бүгүнкү күндүн талаптарына (жумуш берүүчүлөрдүн, бүтүрүүчүлөрдүн, студенттердин ой-пикири) жооп береби? Окуу планына кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл (жаңы предметтерди кошуу, окутуу ыкмалары ж.б.)? “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” профили боюнча бүтүрүүчүлөр кандай компетенцияларга ээ болушу керек (сунушталган вариантты талкуулоо)? деген суроолорду жумуш берүүчүлөр, студенттер жана профессордук-окутуучулук курам менен биргеликте кызуу талкуу жургузулуп жатат.
3180 11:05 03-12-2016

                 

Новости

|< >|