Новости

"Бизнес жана менеджмент" факультетинин деканы э.и.к., доцент Убайдуллаев Мирланбек Байдусеновичтин конференция катышуучуларына ыраазычылык сөзү

Урматтуу замандаш! 24-26-ноябрь күндөрү “Бизнес жана менеджмент” факультетинин 20 жылдык мааракесинин алкагында “Евразиялык экономикалык интеграциянын тенденциялары: көйгөйлөрү, чындыктары жана перспективалары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияда Кытай Эл Республикасынан, Сингапурдан, Россия Федерациясынан, Таджикистан Республикасынан ошондой эле Кыргыз Республикасынын белгилүү илимпоз экономисттери катышып, алардын илимий макалалары ОшМУнун жарчысында жарык көрдү. Конференцияда негизинен Кыргыз Республикасынын ЕАЭС алкагындагы экономикалык абал жана анын келечеги талкууланды. Конференциянын пленардык жыйынында экономика илимдеринин доктору, профессор Абдымаликов Кыдыр, Сингапур менеджмент университетинин профессор Jayarethanam Pillai, экономика илимдеринин доктору, профессор Арзыбаев А.А. кызыктуу жана актуалдуу докладдарын жасады. Секциялык отурумдар өтө кызыктуу өтүп, анын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды. Ошону менен бирге “Бизнес жана менеджмент” факультетинин 20 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференциясынын катышуучуларына, конокторуна ОшМУнун жетекчилигине өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Майрамын менен сүйүктүү факультет!!!
3321 10:21 02-12-2016

                 

Новости

|< >|