Новости

Чет тилдер факультети окутуучулар арасында “Тарых жана маданият” жылына карата “Брейн-ринг” акыл таймашын өткөрдү

      Бүгүн 2016-жылдын 30-ноябрында чет тилдер факультетинде тарых жана маданият жылына карата окутуучулар арасында “Брейн-ринг” акыл таймашы болуп өттү. Оюнга 3 команда: “Дилгир”, “Мидарус”, “Даткайым” катышып, жыйынтыгында англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучуларынан куралган “Дилгир” командасы биринчиликти багындырды. Бул иш-чара аталган факультеттин деканы ф.и.к., доц. С.Ш. Калыгулованын демилгеси менен уюштурулуп, аны ф.и.к., доц. С.М. Амиралиев алып барды. Таймаш ыр-күү менен коштолуп, жеңүүчүлөргө грамоталар тапшырылды.

      Катышуучулардын айтымында, суроолор өтө кызыктуу болгондуктан баарына жагып, амбициялуу, эмоционалдуу бир оюн болуп өтүптүр. Анда ушул оюндан алынган көз ирмемдерге көңүлүңүздөрдү буруп коюуга уруксат этиңиздер.

5293 15:25 01-12-2016

                 

Новости

|< >|