Аталган сынактын финалдык беттешине буга чейинки сынактарда жеңишке жетишкен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан 15 конкурсант катышышты.
Калыстардын баалоосу менен жыйынтыгында 3 катышуучу 1-орунга ээ болушту. Жеңишке жеткен Кыргыз-Кытай факультетинин 3-курсунун студенти Тойгонбаев Курсант, 4-курстун студенттери Чырмашов Манас жана Токтосунова Элиза уюштуруучулар тарабынан Кытай жергесине саякаттык жолдомолорго ээ болушту.
Ал эми 2-3-орунду ээлеген конкурсанттар кол телефондор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Аталган сынак Кытай консулдугу жана Кыргыз-Кытай факультети менен биргеликте уюштурулду.