Сынакка Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинде билим алып жатышкан студенттер да катышты. Жыйынтыгында кытай тилинде ыр ырдоо боюнча сынакта Акматбеков Санжар 1-орунга, Таалайбек кызы Дамира 3-орунга ээ болушса, чечендик өнөр боюнча сынакта Советбекова Элиза 1-орунга, Исмаилов Ниязалы 3-орунду багындырып уюштуруучулардын акчалай сыйлыктары, сертификаттары менен сыйланышкан.
Жеңиш менен келишкен студенттерди университеттин жалпы жамааты куттуктап, окууларына ийгилик каалашты.
Кошумчалай кетсек, сынакка республикабыздын жогорку окуу жайларында билим алышкан 31 студент катышкан.