Новости

КММАда уюштурулган клиникалык анатомия боюнча биринчи студенттик олимпиадада ОшМУ жеңишке жетишти

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргызстандын Медакадемиясында 1-жана 2-курстун студенттеринин –болочок дарыгерлердин кишинин анатомиясы жаатындагы илимий иликтөөлөрүн жана практикалык тажрыйбасын арттырууга көмөк көрсөтүү максатында морфология, клиникалык анатомия жана анатомиянын тарыхы боюнча биринчи студенттик олимпиадада Ош мамлекеттик университетинин “MedActiv ” командасы жеңишке жетишип, I даражадагы диплом менен сыйланышты. Команда оюндун жүрүшүндө “Визиткалардын конкурсу” номинациясы боюнча да биринчи орунду багындырып, дипломго ээ болушкан, ал эми команданын ар бир катышуучусуна сертификаттар тапшырылды.

Олимпиадага республикабыздагы медицина багытында адистерди даярдаган 5 жогорку окуу жайынан 13 команда катышкан.

КММАда уюштурулган олимпиадада жогорку профессионалдык, интеллектуалдык бийик деңгээлин көрсөтүп жеңишке жетишкен медицина факультетинин студенттерин Административдик кеңеште ректор Каныбек Исаков куттуктап, окууларына ийгилик каалады. Университеттин билим берүү деңгээлин көрсөткөн команданын ар бир мүчөсүн жана команданы даярдаган агай-эжекелерге жалпы жамааттын атынан ыраазычылыгын билдирди.

5886 11:58 28-11-2016

                 

Новости

|< >|