Новости

"Ынтымак медиа" мектебин аяктаган журналистика бөлүмүнүн студенттери долбоор жазып, жалпы 200 миң сомдук грант утуп алышты

Ош шаарында биринчи жолу универсалдуу журналисттер тарбияланды. “Ынтымак” КРТРКнын алдында ачылган Маркум Т.Турсуналиев атындагы “Медиа мектеп” 2016-жылдын август айында медиа мектеп болуп түзүлгөн. Бул мектептин максаты "Универсалду журналисттерди" тарбиялоо болуп саналат. Жогоруда аты аталган медиа мектепке журналистика бөлүмүнүн 2-3-4-курстарынын студенттери кастинге катышып, 2-курстан Маликова Гулиза, Абдулла кызы Канышай, Ыкбалова Нурзат, Осмонов Дастан, 3-курстан Осмонова Курманжандатка, Алимбек кызы Жаңылай, Маткалыкова Мукадамкан, Жээнбекова Гулмира тандоо түрүнөн өтүшүп, үч ай төрт багыт боюнча (теле, радио, сайт, гезит) билим алышты.

Тандалган болочок журналисттерге белгилүү журналисттер семинар, тренингдерди өтүп, практика жүзүндө айкалыштырды. Журналистика бөлүмүнөн жалпысынан 8-студент окуп, 18-ноябрда ар бир катышуучуга номинация ыйгарылып, сертификаттар тапшырылды. Айта кетсек 2-курстун студенттери Гулиза Маликова "Мыкты кабарчы", Абдулла кызы Канышай "Тараптарга тартпаган татыктуу кабарчы", Ыбалова Нурзат "Чыгаан гезит кабарчысы", Осмонов Дастан "Диктор-Модератор", 3-курстан Осмонова Курманжандатка "Көп тил билген кабарчы", Алимбек кызы Жаңылай "Чындыкты издеген кабарчы", Жээнбекова Гулмира "Эл аралык журналист" номинацияларына ээ болушту.

Ал эми 3 ай бою окуп билим алган таланттуу студенттердин арасынан Маликова Гулиза "Балакай" аттуу долбоор жазып 120 миң сом, Маткалыкова Муккадамкан "Салам тууган" долбоорун жазып 80 миң сом гранттык каражатын утуп алышты.

5587 09:52 28-11-2016

                 

Новости

|< >|