Новости

“Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу III аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү

2016-жылдын 22-ноябрында ОшМУда “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу III аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Конференцияга ОшМУ, ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунан, ОшТУ, ОшМСУ, ОГПИ, ЖАМУ, ЖАМУнун Таш-Көмүр инженердик – педагогикалык факультетинен, Майлы-Суу коллежинен, БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунан 300дөн ашуун студенттер катышышты. Илимдин тармактары боюнча актуалдуу маселелерди изилдеген 5 пленардык баяндама жогорку деңгээлде жасалып, катышуучулар тарабынан суроолор берилип, чоң кызыгууну жаратты. Илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 8 секцияда алдыңкы 123 студенттин баяндамалары жасалды жана мыкты деп табылган баяндамаларга дипломдор ыйгарылды. Конференцияда ОшМУдан жалпысынан 72 студент баяндамаларын талкууга коюшту жана алардын ичинен 28 студент алдыңкы орундарга ээ болушту. Мындай иш-чара ОшМУда 3-ирет өткөрүлүп жатат (2014-жылы жана 2015-жылдары өткөрүлгөн). Бул иш-чара студенттерди илимий-изилдөө иштерине жакындан тартууга, идеяларын бириктирүүгө, байланыштарын жандандырууга өбөлгө түзүп келет. Секциялык жумуштарда басмага сунушталган макалалар “ОшМУнун жарчысында” жарыкка чыгат. Конференциянын иши кечки саат 19га чейин уланып, студенттер жакындан баарлашышып, достошушуп, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.
7134 11:17 24-11-2016

                 

Новости

|< >|