Новости

ОшМУ «Кыргыз бренди-2016» номинациясы менен сыйланды

Аталган сыйлык республикабыздын тунгуч гезити «Кыргыз Туусу» тарабынан ыйгарылды. Сыйлык өлкөбүздөгү миңдеген ишканалардын арасынан тандалып алынган Кыргызстандын билим берүү, маданият, кызмат көрсөтүү, өндүрүш, туризм, таранспорт жана башка тармактарда өзүнүн инновациялык ишмердүүлүгү, заманбап демилгелери менен кыргыз элинин жүзүн даңазалап келе жаткан мекеме-ишканаларга берилди.

Ош мамлекеттик университети да аталган сыйлыкка студенттердин жана окутуучулардын сырткы академиялык мобилдүүлүгүн арттыргандыгы, көп тилдүү билим берүүнү ишке ашыргандыгы, билим берүү инфраструктурасын арттырып, 10го жакын окуу имараттарын кургандыгы, университеттин илимий потенциялын арттырып, окуу процессине электрондук башкарууну киргизгендиги, өлкөнүн бардык аймактарына мыкты адистерди даярдап жаткандыгы үчүн көрсөтүлгөн.

5820 10:20 22-11-2016

                 

Новости

|< >|