Новости

Эл аралык студенттердин күнүндө жылдын мыктылары сыйланып, “Студенттик сармерден-2016” улуттук оюн-зоок кечеси тартууланды

Ош мамлекеттик университетинин тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан Ош улуттук драма театрында 17-ноябрь –студенттердин эл аралык күнүнө карата “Студенттик сармерден-2016” улуттук оюн-зоок кечеси жана “Жылдын мыктылары-2016” ОшМУнун алдыңкы студенттерин сыйлоо аземи болуп өттү.

Студенттердин эл аралык күнүнө карата “Жылдын мыктылары-2016” ОшМУнун алдыңкы студенттерин сыйлоо аземинде ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков студенттерди куттуктады. Ошондой эле жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган 18 студентке ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендиаты деген сертификаттарды жана 3 миң сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырып, ОшМУда жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан тарбия иштерин стимулдаштыруучу конкурсунун жеңүүчүлөрүн жана КРнын Президентинин стипениаттарын сыйлады.

Анда ОшМУнун илимий конференцияларына активдүү катышып, илим изилдөө иштерине кызыгып, илимий макалаларды жазгандыгы үчүн медицина факультетинин 5-курсунун студенти Байбулатов Бахтияр «ОшМУнун илимпоз студенти - 2016», окуу процессинен сырткары өз алдынча билимин тереңдетүү менен алектенип, бош убактысын китепканаларда окуп-изденгендиги үчүн орус филологиясы факультетинин 3-курсунун студенти Имарова Нурзада «ОшМУнун окурман студенти - 2016», окуу-тарбия процессин жана маданий-массалык, спорттук иш-чараларын “Нур” газетасында үзгүлтүксүз чагылдыргандыгы үчүн кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Сейдалиева Асия «Алтын калем - 2016», терең билим алуу менен бирге мекен, табият, махабат темасындагы мыкты ыр саптарын жазгандыгы үчүн кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Эсеналы кызы Үмүтай «Жылдын акын студенти - 2016», маданий-масслык иш-чараларына дайыма активдүү катышып, өзүнүн кубулжуган үнү менен айырмалангандыгы үчүн искусство факультетинин 3-курсунун студенти Тажибай кызы Мунира «Алтын үн - 2016», университетиндеги түрдүү иш-чараларды массалык-маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка чагылдыргандыгы үчүн “Үмүт” телестудиясынын алып баруучусу, ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Таштанбек уулу Нурдөлөт «ОшМУнун мыкты телеалпаруучусу - 2016», Студент-жаштарды театр менен тарбиялоодо зор салымын кошуп, ОшМУнун студенттик театры тарабынан коюлган “Кымбаттуу, зейне Белековна!” спектаклинде башкы ролду чеберчилик менен аткаргандыгы үчүн кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Бахтияр кызы Нурайым «Жылдын актрисасы - 2016», билим алуу менен бирге бош убактысын спорттук ийримдерде өткөзүп, бир нече республикалык мелдештерде алдыңкы орундарды камсыз кылып келгендиги үчүн педагогика жана дене тарбия факультетинин 4-курсунун студенти Абдыкадыр кызы Айдана «ОшМУнун спортчу студенти - 2016», шайыр тапкычтар клубунун таймаштарында тамашалуу-тапандык өнөрү менен таанылган, коомдогу терс көрүнүштөрдү юмор менен чагылдырган куудулдук таланты үчүн финансы-юридикалык коллежинин 1-курсунун студенти Камчыбеков Медер «ШТК куйручугу - 2016», маданий-массалык иш-чараларын жогорку деңгээлде алып барып, өзүнүн сүйлөө чеберчилиги менен айырмалангандыгы үчүн искусство факультетинин 4-курсунун студенти Романов Имилямин «Мыкты алып баруучу - 2016», ОшМУнун № 1 жатаканасында студенттердин бош убактысын маданий-массалык, спорттук иш-чаралар менен өткөзүүсүнө шарт түзүп, жатаканадагы уюштуруу иштерине жакындан жардам көрсөтүп келгендиги үчүн медициналык коллежинин 4-курсунун студенти Бурканали уулу Аширали «Мыкты студенттик кеңеш - 2016» номинациялары менен сыйланды. Ошондой эле “Эң мыкты студенттик тайпа”, “Эң мыкты студент”, “Эң мыкты жаштар комитети”, “Эң мыкты студенттик акыйкатчы”, “Эң мыкты студенттик кеңеш” сынактарынын жеңүүчүлөрүнө да дипломдор тапшырылды.

Мыктыларды сыйлоо аземинин соңунда студенттер ректор менен эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгүндө “Студенттик сармерден-2016” улуттук оюн-зоок кечеси тартууланып, университетте билим алган кыздардан жана жигиттерден куралган таланттуу студенттер жалпы көрүүчүлөргө ата-бабалардан өтүп келе жаткан салтын улап сармерден тартуулашты. Анда кыргыздын обондуу ырлары жаңырып, улуттук бийлери, макал-лакап, жаңылмач, табышмак айтыштары орун алды.

10102 16:20 18-11-2016

                 

Новости

|< >|