Новости

Отуз эки жыл илгери музыка адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөр ОшМУда кайра жолукту

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде бүгүн, 18-ноябрь күнү мындан 32 жыл илгери музыка бөлүмүн аяктаган студенттердин жолугушуу кечеси уюштурулду.

Алгач коноктор университеттин башкы имаратында жолугушуп, университеттин тарыхы чагылдырылган музейи менен таанышышты. Жолугушуу андан ары искусство факультетинде уланды, келген конокторду факультеттин окутуучулары, студенттери жылуу маанайда тосуп алышты.

Концерттик залда уюштурулган салтанатты факультеттин деканы К.Курбанбаев ачып берди жана куттуктоо сөзүн жолдоп, факультеттин ишмердүүлүктөрүнө токтолду. Ал эми музыкалык тарбиялоонун усулу жана хорду дрижерлөө кафедрасынын башчысы, профессор Букарбай Иметов жолугушууга конок болуп келген, студенттерге билим берген окутуучулар ошол мезгилдеги факультеттин 3 жолку деканы С.Дүйшоналиев, комузчулук өнөр боюнча белгилүү комузчу С. Шабданов, музыканын теориясы, тарыхы боюнча сабак берген Т.Жолдошов, вокал өнөрү боюнча мыкты билим берген Ю.Калдаров, Н.Султанов, дирижерлөө боюнча билим берген К.Сагынбаевалар менен тааныштырып, мыкты билим алган студенттер тууралуу да баяндап өттү.

Сөзгө чыккан жолугушуунун уюштуруучуларынын бири, обончу, композитор, КРдин эмгек сиңирген артисти Исирадин Аманбаев “Искусство факультетине талантуу студенттер республикабыздын булуң-бурчунан келип билим алышчу. Музыка бөлүмүнүн өзүнчө бир аурасы бар эле, ал аура обон экен көрсө. Анткени факультет бүткүл Кыргызстанга белгилүү обончуларды тарбиялап келе жатат. Бул факультет кыргыз элине белгилүү Р.Абдыкадыров, А.Алымов, Ж.Алыбаев, Т.Эшбаев, К.Артыков, И.Жунусов, Б.Тургунбаев башында турган бир топ обончу-композиторлорду туурунан учуруп келет”, -деди.

Ал эми КРдин маданиятынын мыкты кызматкери, обончу, аткаруучу, теле-журналист Эркин Каимов “1984-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка-педагогика факультетин 71 студент аяктаганбыз. Алардын арасында Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас областтарынан музыкага шыктуу жаштар бар эле. Ошол кезде комузда кол ойнотуп, аккордеон менен ырдап, обон созгон учур. 1980-жылдары кыргыз элине аттын кашкасындай таанылган обончу, ырчылардын мукам ырлары бул жаштарды музыка дүйнөсүнө жетелеп келди. Кадимки студенттик күндөр эртеден-кечке сезим козгогон музыка менен алек болгон жалындуу жаштык күндөр ордолуу Ош шаарында, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда калды. Убакыт учкан куш дегендей – мезгил зымырап өтө берет экен. Ошол кезде бизди музыканын сырдуу дүйнөсүнө жетелеген агай-эжекелерибиз азыр кадырлуу карыялардан болушту. Ал эми ырдын пири - Ырыспай агайыбыз учурда арабызда жок болсо да, өзүнүн мукам ырлары аркылуу экинчи өмүрүн жашап келет”, -деп студенттик кезин эскерди.

Жолугушууга келген бүтүрүүчүлөр билим берген агай-эжекелерине ыраазычылыктарын билдирип, белектерин тапшырды, ошондой эле билим уясы болгон искусство факультетинде билим алып жаткан жаштар элдик, дүйнөлүк классикаларды, күндөлүк жаңылыктарды угуп, маалымат алып турушсун деген ниетте факультетке сыналгы белек кылышты.

Ал эми учурда билим алып жаткан таланттуу студенттер конокторго арнап концерттик программа тартуулашты.

Белгилей кетсек, 1984-жылы музыка адистигинде билим алган студенттердин арасында Исрадин Аманбаев, Эркин Каимов, Каныбек Орозалиев, Аптап Нышанова, Усман Шакиров, Сейдимкан Турдалиева, Каныбек Султанов, Максуда Сүйүмбаева жана Осмон Кулуев өңдүү эл оозуна алынып калган обончу, ырчылар, комузчу, музыканттар бар.

8249 15:42 18-11-2016

                 

Новости

|< >|