Новости

Студенттер күнүнө карата журналисттер ыр сунду

Бүгүн, 17-ноябрь-Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү! Бул күндү утурлай кече, 16-ноябрь күнү Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика бөлүмүнүн студенттери “Журналисттер ыр сунат” аттуу адабий-музыкалык кече тартуулашты.

Кечеге мамлекеттик тил боюнча проректор О. Шаимкулов, факультеттин деканы С.Момуналиев, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, жалпы студенттер катышышты.

Келечекте мыкты журналист болууну самап билим алып жаткан журналистика бөлүмүнүн таланттуу студенттери кечеде студенттик баалуу күндөрдү чагылдырган ырларды ырдашып, бий бийлешти. Ошондой эле кыргыздын салтка айланган кыз-жигит айтышын куруп, поэзиянын сыйкырына бөлөштү. Соңунда бөлүмдүн агай-эжекелери артта калган студенттик күндөрдү эстеткен ырлардан көркөм окуп, студенттерди майрамы менен куттукташты.

“Бүгүн өзгөчө агай-эжекелердин, студенттердин демилгеси менен уюштурулган көңүлдүү кече тартууланды. Билим алууга дем үрөгөн, романтикага, сүйүүгө бай студенттик күндөрдүн баасы мезгил өткөн соң билинет. Андыктан студенттик күндөрдү татыктуу өткөрүп, талыкпай билим алып, алдыңкы кесиптин ээси болуп чыккыла. Майрамыныңар кут болсун!”,-деди мамлекеттик тил боюнча проректор Олжобай Шаимкулов.

7673 10:36 17-11-2016

                 

Новости

|< >|