Новости

Студенттик шайыр тапкычтар клубунун финалдык таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош мамлекеттик университетинин тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан Р.Абдыкадыров атындагы филармонияда Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнүн урматына факультеттер аралык студенттик шайыр тапкычтар клубунун финалдык таймашынын беттешүү болуп өттү.

Финалдык беттеште мыктылардын мыктысы деп тандалып алынган командалардын оюндары көрсөтүлүп, белгилүү куудул Тынар Курбаналиев башында турган калыстардын баалоосуна коюлду.

Жыйынтыгында мыкты тамашалары менен алдыга озуп чыккан командаларга сыйланды. Анда математика жана информациялык технологиялар факультетинин командасы 1-орунга ээ болуп, 20 миң сом акчалай сыйлык, диплом, финансы-юридикалык колледжинин командасы 2-орунга ээ болуп 15 миң сом акчалай сыйлык, диплом, 3-орунга ээ болгон медицина факультетинин командасы 10 миң сом акчалай сыйлык, диплом менен сыйланышты. Ошондой эле 4-орунга ээ болгон командага 5 миң сом, финалдык беттешке чыккан ар бир командагы 1000 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Салтанатка катышкан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков жалпы студенттерди жаштар күнү менен куттуктады жана мыкты билим алган, тарбиялуу, алдыңкы жаштардан болууга чакырды.

Оюндун жалпы байге фонду 60 000 сомду түздү.

8090 15:56 16-11-2016

                 

Новости

|< >|