Үч айга созулган курстарды толугу менен окуп бүткөн угуучулар түрк тилин өздөштүргөндүгү жөнүндөгү сертификаттарга ээ болушту. Курстун катышуучулары болгон студенттер, магистранттар, ординаторлор, окутуучулар баары Түркия Өкмөтү тарабынан каржыланган Мевлана академиялык алмашуу программаларына документ тапшырышты. Жыйынтыгында ОшМУнун 33 студенти, 1 магистранты, 24 окутуучусу, жалпы 58 адам Мевлана программасынын алкагында Түркиянын 20дан ашуун Сулейман Демирел, Анкара, Бюлент Эжевит, Абант Иззет Байсал, Кастомону, Балыкесир, Истанбул, Тракия, Аднан Мендерес, Ак Дениз, Юзунчу Йыл, Намык Кемаль Булент, Эжевит, 19-май университети, Чанаккале 18-март, Кахраман Мараш, Сутчи Имам, Балыкесир, Ержиес, Тунджели, Желал Байар сыяктуу университеттеринде студенттер бир семестрдик мөөнөт менен билим алууга жана окутуучулар 2 жумалык мөөнөттө тажрыйба алмашып, сабак өтүп келүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Мындай алгылыктуу иш-аракеттер 2016-2017-окуу жылында да улантыла бермекчи.