Новости

Илим күнүнө карата эл аралык илимий конференция уюштурулуп, илимде ийгилик жараткандар сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде 10-ноябрь-Илим күнү белгиленди. Бул күндүн урматына университетте “Этникалык салттардын кайра жаралуусу” аттуу илимий конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Россия, Казакстан, Түркия, Тажикстан, Түркменистандан, ошондой эле республикабыздын бардык аймактарындагы жогорку окуу жайларынан окумуштуулар, Ош шаардык мэриясынан, КРдин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр катышышты.

Алгач конференцияны ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Идирис Кенжаев ачып, жалпы катышуучуларды илим күнү менен куттуктады. Пленардык жыйынды белгилүү журналист, публицист, коомдук, мамлекеттик ишмер, ф.и.д. Кубан Мамбеталиев, т.и.д., ОшМЮИнин профессору Байболот Абытов, ф.и.д., ОшМУнун профессору Капар Зулпукаров, ОшМУнун доценти Асилбек Алиев жана ОшМУнун ректору, ф.и.д., профессор Каныбек Исаковдор унутулуп бараткан этникалык салттардын кайра жаралуусу жана Кыргызстандагы илимди реформалоонун маселелери боюнча баяндамаларды, презентацияларды жасашты.

Пленардык жыйындын соңунда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимдин өнүгүшүнө салым кошкондор Ош шаардык мэриясынын, КРдин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, ОшМУнун Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле жыл жыйынтыгы чыгарылып, илим жаатында уюштурулган сынактардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Анда “Мыкты монография-2016” номинациясы боюнча I орунга Бишкек шаарында басмадан чыккан “Введение в китайско-киргизское сравнительно языкознание” (2016) аттуу монографиясы үчүн ф.и.д., профессор К.Зулпукаров, II орунга Ош шаарында басмадан чыккан “Кыргыз мамлекети Автономия жылдарында ” (2016) монографиясы үчүн т.и.к., доцент С.Смадияров, ушул эле орунга “Генезис и эволюция идеологии кыргызского этноса” монографиясы үчүн э.и.к. Б.Абдылакимова, III орунга “Көчмөндөр керемети” монографиясы үчүн У.Жупакматов, М.Нурмаматовалар ээ болушуп, окуу жайдын акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Ошондой эле “Мыкты окуу китеби-2016”, “Мыкты окуу-усулдук колдонмо-2016” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр, алыскы чет өлкөлөрдө басмадан чыккан 9 автордун 12 макаласына, КМШ өлкөлөрүнөн чыккан 60 автордун 165 макаласына жана илимий ачылыштарды жасап, автордук күбөлүккө ээ болгон 4 окутуучуга акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Ошондой эле Баткен мамлекеттик университетинде уюштурулган студенттердин регионалдык олимпиадасында байгелүү орундарды багындырышкан 85 студентке жана аларды даярдаган 71 окутуучуга да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

ОшМУда жыл сайын жыл жыйынтыгы чыгарылып, ийгилик ээлерине сый урмат көрсөтүлүп турат. Бир жыл аралыгында университетте 3 доктордук, 18 кандидаттык иш жакталган. Эми докторлук иш коргогондор үчүн университет тарабынан 60 миң сом, кандидаттык иш жактагандар үчүн 30 миң сомдон сыйлыктар берилет.

Конференциянын кийинки бөлүгү 5 секциялык иштерде уланып анда 81 баяндама жасалып, кызыктуу талкуулар менен жүрдү. Жыйынтыгында мыкты баяндамачыларга ОшМУнун дипломдору тапшырылды. Ал эми конференцияны жогорку деңгээлде уюштуруп, ар түрдүү маданий-массалык иш чараларды уюштурууда активдүүлүгүн көрсөтүп келе жаткан университеттин Орус филологиясы факультетинин дүйнөлүк адабияттар кафедрасына “Эң мыкты кафедра” номинациясы ыйгарылды.

“Биз бүгүнкү илим күнүнө арналган эл аралык конференцияны өткөрүүдөгү негизги максатыбыз унутулуп бараткан этникалык мурастарды жандандыруу, окумуштуулардын бул багыттагы ойлорун угуу, талкуулоо, сунуш-пикирлерди угуп, жайылтуу болуп саналат. Ошол эле учурда жаш окумуштуулар менен белгилүү окумуштуулардын баарлашуу аянтчасын түзүү, тажрыйба алуу да негизги максаттарыбыздан. Конференцияда баяндалган 81 макаланын баары “ОшМУнун Жарчысы” илимий журналында жарык көрдү”, -деди конференциянын уюштуруучусу, дүйнөлүк адабияттар кафедрасынын башчысы Дамира Асанова.

7268 10:36 11-11-2016

                 

Новости

|< >|