Жыйында учурдагы Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр ар бир берене боюнча ачык-айкын баяндалды. Талкуу окутуучулардын, студенттердин суроолору менен коштолуп, жооптор алынды.
“Биз атайын аймактык эксперттердин коомун түзгөнбүз. Учурда бардык жерлерде мониторинг жүргүзүп жатабыз. Негизги максатыбыз—референдумга карата элдердин, жаштардын оюн, пикирин угуу, кызыктырган суроолоруна жооп берүү болуп саналат”, -деди көз карандысыз эксперт Бакыт Бакетаев.
Кошумчалай кетсек, мындай талкуулар буга чейин юрист окутуучулардын катышуусунда университеттин Административдик кеңешинде, бардык факультеттерде, структураларда да уюштурулган.