Новости

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдиваит Тажибаевге “Журт атасы” наамы ыйгарылды

Бүгүн, 8-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында салтанаттуу жыйын уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын “Ардактуу Инсандары” коомдук бирикмеси тарабынан белгилүү коомдук, мамлекеттик ишмер, Ош облустук Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Абдиваит Тажибаевге “Журт атасы” наамы ыйгарылып, алтын төш белгиси тагылды.

Саамалыкка республикабыздын жети дубанынан белгилүү мамлекеттик, коомдук, ишмерлери, ардактуу ардагерлери, Ош облусунан, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, профессорлор, окутуучулар, студенттер катышышты.

Салтантта сөз сүйлөгөн Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков ардактуу ардагер Абдиваит Тажибаевдин эмгек жолуна токтолду жана бүгүн жаш муундарга мындай инсандар үлгү экендигин белгилеп, бул саамалыктын ОшМУда өтүп жаткандыгы, жыйынга катышып жаткан улуу инсандардын университеттин босогосун аттап жаткандыгы окуу жайга кут алып келе тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле ОшМУнун атынан “ОшМУнун Ардактуу ардагери” наамы, төш белгиси тапшырылды.

“ “Журт атасы” наамы Кыргызстандын тарыхын, маданиятын, санжырасын, каада-салтын, экономикасын жакшы билген, илимий даражасы бар, мамлекеттик жана коомдук ишмер, элге кадыр-баркы сиңген мекенчил, чынчыл инсандар берилип келет. Ушул жылдын 21-сентябрында биз Бишкек шаарында 12 инсанга «Журт атасы» наамы ыйгарып, «Алтын» төш белгисин такканбыз. Алардын бири Абдиваит Тажибаев ардагерибиз болгон. Бүгүн биз ошол сыйлыкты тапшырып жатабыз”, -деди Кыргыз Республикасынын “Ардактуу Инсандары” коомдук бирикмесинин төрагасы Мырза Садыков.

Кошумчалай кетсек, “Журт атасы” наамынын ээси Абдиваит Тажибаев 1930-жылы Ош областынын Ноокат районунда төрөлгөн. 1957-жылга чейин Ош педагогикалык институтун бүтүрүп, мугалим жана окуу бөлүм башчысы болуп иштеген.

1957-жылы Ташкенттеги финансы-экономикалык институтун бүтүрүп, Ноокат районунда бухгалтер-экономист, райкомдун инструктору, Ноокат, Араван райондорунда финансы бөлүм башчысы, аткаруу комитетинин орун басары жана төрагалык милдетин аткарган. 1969-жылы КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

1969-1978-жылдары Партиянын Ала-Бука райкомунун биринчи катчысы, Кыргызстан КП БКнын партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн биринчи орун басары, Партиянын Өзгөн, Кара-Суу районунун биринчи катчысы болуп иштеген.

Ош областынын аткаруу комитетинин төрагасы болуп 1978-жылдан 1987-жылга чейин иштеген.

1988-жылдан облустун ГОСТРаханын начальниги, Ош областынын жаратылышты коргоо комитетинин төрагасы, Ош шаарынын ассамблеясынын жетекчиси, Кыргыз тамеки МАК төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.

Бүгүнкү күндө Ош областынын ардагерлер кеңешинин төрагасынын милдетин аткарууда. 4 жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын БК мүчөсү, Кыргызстан КП БКнын Ош областтык комитетинин мүчөсү. Эмгек сиңирген ишмер. Республикалык деңгээлдеги персоналдык пенсионер.

8603 15:50 08-11-2016

                 

Новости

|< >|