Новости

Республикалык жана жергиликтүү ММКларда эмгектенгенген журналисттерге сый көрсөтүлдү

7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө жана 8-декабрь телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата университет менен кызматташып, коомдук, маданий-массалык иш чараларды, сыймыктуу агай-эжекелерди жана талантуу студенттерди коомго чагылдырып берип келе жаткан мамлекеттик жана жергиликтүү телевидение жана радиолордо эмгектенген журналисттерди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктады.

Жолугушууда журналисттердин коомдук пикирди, ойду калыптандырууда орду чоң экендиктерин айтып журналисттик изденүүлөрү, чыгармачылыгы, коомдук турмушту реалдуу чагылдыруудагы кошкон салымдарын белгилеп сыйлыктарды тапшырды.

6911 16:00 04-11-2016

                 

Новости

|< >|