Новости

Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттер сыйланды

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков бүгүн, 4-ноябрь күнү 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата ОшМУнун басма сөз кызматында, “Үмүт” телестудиясында, студенттик “Нур” гезитинде эмгектенип, университеттеги маданий-массалык, коомдук иш чараларды жалпы коомчулукка өз убагында чагылдырып берип келе жаткан журналисттерди кабыл алды.

Университеттин турмушун, жасалып жаткан иш аракеттерди чагылдырууда салымдарын кошуп жатышкан журналисттерди жана волонтерлорду куттуктаган окуу жай жетекчиси мындан ары да талыкпай, үзүрлүү эмгектенип, университеттин өсүп-өнүгүүсүнө салымдарын кошо берүүсүн каалады жана ар бир кызматкердин жасап жаткан иш аракеттерине баа берип, сыйлыктарды тапшырды.

Өз кезегинде майрам ээлери мындан ары да талыкпай, чыгармачылык менен эмгектенерин билдиришти.

Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университетинде «Үмүт” телестудиясы, жана «Нур» гезити университетте болуп жаткан жакшы саамалыктарды жарыялоо, таланттуу студенттерди элге тааныштыруу, окутуу, тарбиялоо жараяндарына жакындан көмөктөшүү максатын көздөйт. Окуу жайдын журналистика адистигинин студенттерине билим берүүдө да телестудия практикалык таяныч болуп келет. «Үмүт» телестудиясы жумасына бир ирет 30 мүнөттүк программа менен ишемби, жекшемби күндөрү ОшТВ аркылуу эфирдик берүүлөрдү чагылдырып келсе, “Нур” гезити бир айда бир ирет университеттин турмушун сөздүк күчү менен жеткирип, студенттердин трибунасы кызматын аткарат.

Ал эми ОшМУнун басма сөз кызматы 2002-жылы ОшМУнун ошол кездеги тарбия жана коомдук иштер боюнча проректору Каныбек Исаковдун демилгеси менен түзүлгөн. Басма сөз кызмат өз алдына массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланышты камсыздап, университет жөнүндө маалымат таратууну максат кылып койгон. Учурда ОшМУнун басма сөз кызматы Республикалык жана аймактык бардык массалык маалымат каражаттарынын түрлөрү менен кызматташ иш алып барат.

7098 15:34 04-11-2016

                 

Новости

|< >|