Новости

ОшМУнун алдыңкы 2 студенти өлкө Президентинин стипендиясына ээ болду

Окуудагы эң мыкты жетишкендиктери, илимий багыттагы ишмердүүлүгү, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультетинин студенти Дастан Алымырзаев жана Медицина факультетинин студенти Дуйшоева Гулнура Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына жана Ардак грамотасына ээ болду. Ошондой эле учурда Ысык-Көл мамлекеттик университетинен “Ош декларациясынын” алкагында бир семестр билим алуу үчүн ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин туризм адистигинде билим алып жаткан 3-курстун студенти Мээрим Айсахунова да Президенттик стипендияга татыды.

Университеттин алдыңкы студенттеринин сабында туруп, өлкө президентинин колунан 50 миң сом өлчөмүндөгү стипендияга ээ болушкан стипендиаттарды ОшМУнун жетекчилиги жана жамааты атайын университеттин жыйынында куттуктады жана окууларына ийгилик, чыгармачылык изденүүлөрдү каалады.

«Келечекте окуумду ийгиликтүү аяктап, ординатураны чет өлкөдө окуп келүү менен алган билим, тажрыйбамды өз өлкөмдө пайдаланып, мыкты дарыгер болсом деп ниеттенем. Албетте үй-бүлөлүк бакыт да мен үчүн баалуу, өлкө башчыбыз да мага стипендия ыйгарып жатып «бактылуу бол кызым» деген сөзүн жолдоду. Бул ийгиликтерим үчүн мектепте, университетте таалим-тарбия берген окутуучулама терең таазим этем», - деген Гулнура Дүйшоева жаштарды терең билим, татыктуу тарбия алып, илимдин изги жолуна түшүп, эмгекчил болууга чакырды.

Эске сала кетсек, Дастан Алымырзаев жана Дуйшоева Гулнура окууда, илимде мыктылыгын, маданий-массалык, коомдук уюштуруу иштеринде активдүүлүгүн көрсөтүп университетте өткөрүлгөн «Эң мыкты студент” сынагынын жеңүүчүлөрү болушкан.

7701 10:25 01-11-2016

                 

Новости

|< >|