Новости

Немис тили кафедрасынын түзүлгөндүгүнүн 50 жылдык мааракеси белгиленди

Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде немис тили кафедрасынын негизделгенинин 50 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий конференция болуп өттү.

Конференцияга Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Эмингер Вольфганг, Швейцариянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Эрнесто Пианта, Казакстандагы Гёте институтунун тилдер бөлүмүнүн жетекчиси Констанце Крюгер, ДААДдын Кыргызстандагы жетекчиси Браунмиллер Анн-Катрин жана башка бир топ Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынан, коомдук уюмдардан өкүлдөр, окутуучулар, студенттер катышышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн ОшМУнун өнүгүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев немис тили кафедрасынын негизделгенинин 50 жылдык мааракеси менен куттуктады. “Учурда Ош мамлекеттик университети Германиядагы бир топ университеттер менен жакындан кызматташып, Эразмус, TEMPUS, ДААД сыяктуу бир нече билим берүү программаларына катышып, долбоорлорду ишке ашырып келет. Өзгөчө биздин медицина факультетинин студенттери, ординаторлору немис тили кафедрасынын окутуучусу Жумагул Сарыкбаева менен биргеликте Германиянын ири клиникаларында практикадан жана стажировкалардан өтүп келүүдө. Биз мындан ары да кызматташтыктарды өнүктүрүп, байланыштарыбызды күчөтө бермекчибиз”, -деди.

Ошондой эле немис тили кафедрасынын өнүгүшүнө жана жаштарга билим берүүдө жигердүү эмгектенип жатышкан кафедранын доценти Авазбек Рахманов, улук окутуучулар Кабылжан Назаров, Батма Нуржановаларга ОшМУнун Ардак грамотасын тапшырды.

Салтанаттын жүрүшүндө коноктордун куттуктоо сөздөрү жаңырып, баяндамалар жасалды. Пленардык жыйындан соң чет тилдер факультетинде секциялык иштер жүрүп, чет тилдерди, немис тилин окутуудагы актуалдуу маселелер боюнча баяндамалар жасалып, талкуулар жүрдү.

«Кафедра ишмердигинин негизги багыттары окуу процессин окуу-усулдук куралдар менен жабдууну жакшыртуу, студенттердин илимий-изилдөө ийримдерине кеңири тартуу, алардын профессионалдык жаткан калыптанышын ыкчамдатуу. Келечекте кафедранын дисциплиналары боюнча усулдук материалдарды даярдоо жана басып чыгаруу, балдар бакчаларында немис тилин окутуу үчүн атайын программаларды жана окуу куралдарын иштеп чыгуу болуп саналат», -деди немис тили кафедрасынын башчысы, доцент Тойчу Кабылов.

Белгилей кетсек, ОшМУнун чет тилдер факультетиндеги немис тили кафедрасы 1966 - жылдан бери немис тили англис тилин биринчи чет тили катары окуган студенттерге экинчи чет тил катары окутулуп келе жатат. Кафедранын эң алгачкы башчысы болуп Ф.Энгельс атындагы Ташкент мамлекеттик чет тилдер педагогикалык институтунун бүтүрүүчүсү Кабылжан Назаров эмгектенген.

8008 11:50 31-10-2016

                 

Новости

|< >|