Новости

“ Муниципалдык кызматтагы көйгөйлөр жана андагы перспективалар”

26-октябрь куну Ош Мамлекеттик университинин “Бизнес жана менеджмент” факультетинде “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кафедрасы жана Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте Жергиликтүү жамааттар күнүнө карата “ Муниципалдык кызматтагы көйгөйлөр жана андагы перспективалар” деген темада төгөрөк стол өткөрүлдү. Ага Ош шаардык мэриясынын , Ош шаардык Кеңешинин жана ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышып, студенттер менен жогорудагы тема боюнча кеңири пикир алышуу болду. Төгөрөк столдо муниципалдык кызматтын учурдагы көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору боюнча докладдар окулуп, студенттер келген конокторго мниципалдык кызмат боюнча өздөрү кызыккан суроолорун беришти. Жыйынтыгында, жогорку тажрыйбалуу адистер менен жаш кадрлар ортосунда мындан кийин да жолугушууларды уюштурулуп, кызматташуу уланаары айтылды.
3122 14:27 28-10-2016

                 

Новости

|< >|