Макала

ӨЗБЕКСТАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИ ОКУТУУДА КЫРГЫЗСТАНДАН ҮЛГҮ АЛАТ

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов, окуу жайда студенттердин алдында сүйлөп жатып, Кыргызстандагы Ош мамлекеттик университетинин окутуудагы жакшы практикасын ала тургандыктарына токтолду.

Икрамов башында турган делегация аталган университетке барып, медициналык факультеттин ишмердүүлүгү менен таанышты. Коноктор студенттер менен жолугушуп, окуу корпустарын, медициналык клиниканы көрүштү.

Студенттерге сүйлөгөн сөзүндө Икрамов, эки өлкө ортосундагы достуктун бузулбашы жана коңшулук мамилеге токтолду. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын коңшулук мамилеси келечекте бирдиктүү иш аракеттердин өнүгүшүнө түрткү болушу керектигин белгиледи.

Ошондой эле ал эки өлкө ортосунда билим берүү тармагы боюнча бирдиктүү кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, Өзбекстандын университеттери Ош мамлекеттик университетинен чет элдик студенттерди окутууда, окуу процессинде электрондук форматты колдонуу жагынан тажрыйба ала турганын белгиледи.

Андижан мамлекеттик университетинин ректору Акрам Юлдашев бүгүнкү иш сапары эки өлкө ортосундагы достукту бекемдеп, эки элдин жаштарын жакындаштыра турганын айтып өттү.

Ал Ош мамлекеттик университети менен келечекте илимий конференцияларды, симпозиум жана семинарларды өткөрүп, аны менен катар биргеликте окуу китептерин, чыгарууга кызыкдар экенин билдирди.

Өзбекстандан келген делегация Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн маданий иш чарага катышып, фермерлер өндүргөн айыл чарба азыктарын жана жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгегинен жасалган буюм-тайымдарды көрдү.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев башында турган делегация 2016-жылдын 1-октябрында өзбек тараптын чакыруусу менен Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна барып, кыргыз-өзбек мамилелерин бекемдөө боюнча иш чарага катышып келген. Ошондо иш сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлган.

Шилтеме:www.yntymak.kg/index.php/zhanylyktar/kyrgyzcha/item/18854-zbekstan-chet-lk-l-k-studentterdi-okutuuda-kyrgyzstandan-lg-alat

22906 11:38 28-10-2016

                 

Макала

|< >|