Новости

ОшМУнун базасында “Лицензиялоо: бүгүнкү күндүн талаптары жана келечеги” деген аталыштагы эки күндүк семинар-тренинг жүрүп жатат

Семинар-тренингге Ош, Жалал-Абад, Баткен обулстарындагы мектептеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышышууда.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Н.Ж.Эсенглов “Кыргыз Республикасында билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоонун көйгөйлөрү жана келечеги”, Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана текшерүү башкармалыгынын башчысы М.Ж.Усеналиев “Мугалимдердин кесипкөйлүгү. Коюулуучу талаптар” деген темаларда баяндамалар жасалды. Ошондой эле министрликтин Лицензиялоо бөлүмүнүнүн жетектөөчү адиси Б.Т.Акулова Билим берүү жана илим министрлиги сунуштап жаткан жаңы “Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндөгү” Убактылуу жобонун долбоору презентацияланып, катышуучулар тарабынан талкууга алынды.

Семинар-тренингдин алкагында жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү, мектепке чейинки, мектепте жана кошумча билим берүү секциялар иштеп, катышуучулардын кызуу талкуусу, сунуш-пикирлери менен коштолду. Ал эми бүгүн, семинардын экинчи күнүндө уюштуруучулар семинар-тренингдин жыйынтыгы боюнча тестирлөөдөн өтүшөт. Аталган семинарга Ош мамлекеттик университетинен да окутуучулар активдүү катышууда.

9443 09:57 28-10-2016

                 

Новости

|< >|