Новости

Мектеп көйгөйлөрүн алдын-алууга багытталган “Бүгүнкү мектеп: жетишкендиктер, инновациялар жана көйгөйлөр” аталышындагы конференция уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде “Бүгүнкү мектеп: жетишкендиктер, инновациялар жана көйгөйлөр” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын билим берүү системасында эмгектенген 297 өкүл катышты.

Конференцияны ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ачып конференциянын актуалдуулугун белгилеп, анда жасалуучу баяндамалардын ар бири бүгүнкү педагогдордун иш тажрыйбасында зарыл болгон каражаттардан экендигине токтолду жана региондордогу мектептерге ар дайым илиимий, билим берүүчүлүк, материалдык жактан колдоо көрсөтүп келе жаткан Ош мамлекеттик университети мындан ары да бул багыттагы иш аракеттерди күчөтөөрүн белгиледи.

Пленардык жыйынында ОшМУнун доценти Ташболот Жороев “Көп тилдүү билим берүү – билим берүүнү реформалоонун приоритеттүү багыты: көп тилдүү билим берүү боюнча ОшМУнун тажрыйбасы”, ОшМУнун доценти Макамбай Мамаюсупов “Okuma.kg” кыргыз тилиндеги электрондук китепканасы, ОшМУнун мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институтунун директору Жылдыз Артыкова «Мектеп мугалимдери жана окуучулары үчүн маалыматтык ресурстардын ачык системасы», ОшМУнун медиа борборунун директору Улар Молдояров “Pedagog.kg” мугалимдердин маалыматтык системасы, ОшМУнун проректору Олжобай Шаимкулов «ОшМУнун мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүүгө жасаган аракеттери жана максаттары» деген темаларда презентация жасашты.

Конференцияда мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүүнү уюштуруунун сапатын жогорулатуу, мектепте, сабактарда маалыматтык-коммуникациялык технологияны эффективдүү колдонуу, көп тилдүү билим берүүнүн маселелери жана перспективалары, окутуунун инновациялык технологиялары, аларды колдонуунун тажрыйбасы, окуучуларды жалпы Республикалык тестирлөөгө даярдоо көйгөйлөрү жана профилдик (физика-математикалык, табигый, гуманитардык) билим берүүнүн актуалдуулугу темаларында секциялар иштеп, аталган маселелер боюнча кеңири талкуулар жүрүп, сунуш-пикирлер айтылды.

Пленардык жыйындагы жана секциялык иштердеги докладдарды, презентацияларды угуп, талкуулап конференциянын катышуучулары мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүүнү сапаттуу уюштуруу, өткөрүү, көзөмөлдөөнү заман талабына ылайык өзгөртүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунуштарын беришти. Анда мугалимдердин курстарга катышуусун каттоо жана көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүгө ОшМУ тарабынан иштелип чыккан мугалимдердин бирдиктүү “Мугалим” маалыматтык системасын колдонуу, мектеп мугалимдеринин билимин жогорулатуу иштерин альтернативдүү, атаандаштык, тандоо мүмкүндүгү менен уюштуруу, мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү боюнча республикалык бирдиктүү окуу программаларын иштеп чыгуу, ОшМУдагы мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институтун республикалык билим берүү ниституттарынын реестрине кийирүү, мугалимдеринин квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган документтерди КР дин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан идентификациялоо, мугалимдер үчүн түзүлгөн “Okuma.kg” кыргыз тилиндеги электрондук китепканасынын туруктуу, натыйжалуу иштешин камсыздоо, мугалимдердин интернет аркылуу өз ара бири бири менен тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү максатында “Okuma.kg” кыргыз тилиндеги электрондук китепканасына мектептердин тажрыйбалуу мугалимдери иштеп чыккан окуу материалдарды системалуу жайгаштыруу, ОшМУда түзүлүп жаткан мугалимдердин бирдиктүү “Мугалим” маалыматтык системасын колдонуу долбоорун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо сыяктуу бир топ сунуштар камтылды.

“Конференциянын негизги максаты бүгүнкү жалпы орто билим берүүчү мектептердин көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды чечүүгө карата идеялар, көз караштар, ой пикирлер менен алмашуу, алдынкы тажрыйбаларды, инновацияларды популяризациялоо, мектеп менен жогорку окуу жайынын арасындагы кызматташтыкты күчөтүү болуп саналат”, - деди ОшМУнун мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институтунун директору Жылдыз Артыкова.

Белгилей кетсек, аталган конференция Ош мамлекеттик университетинин Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институту тарабынан уюштурулду.

10622 09:42 28-10-2016

                 

Новости

|< >|