Новости

ОшМУ менен Андижан мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду

Кызматташуу тууралуу меморандумга Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков жана Андижан мамлекеттик университетинин ректору Акрамжон Юлдашев кол койду.

Меморандумда илимий-практикалык, билим берүүчүлүк, маданий багыттагы кызматташтыктар каралган. Эми эки өлкөнүнүн жогорку окуу жайлары университеттер аралык ар тараптуу байланыштарды бекемдөө, студенттерди жана магистранттарды академиялык мобилдүүлүктүн алкагында алмашып окутуу, окутуучу, илимпоздор менен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу, тажрыйба алуу багытында өз ара алмашуу, стажировкаларды, конок лекцияларды уюштуруу, биргелешкен эл аралык конференцияларды, симпозиумдарды өткөрүү, эл аралык илимий долдоорлорго биргеликте кирүү, эки өлкөнүн жаштарынын достугун чыңдаган маданий, спорттук иш чараларды өткөрүү багыттында кызматташтыктар аткарылат.

Ушул эле күнү Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов баштаган Өзбекстандан келген делегация Ош мамлекеттик университетинде болушуп, университеттин Медицина, Эл аралык медицина, Медициналык клиникасы турган Ак-Буура кампусу менен жакындан таанышышкан. Студенттерге сүйлөгөн сөзүндө Адхам Икрамов, эки өлкө ортосунда билим берүү тармагы боюнча бирдиктүү кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Өзбекстандын университеттери Ош мамлекеттик университетинен билим экспорту, көп тилдүү билим берүү, окуу процессинде электрондук форматты колдонуу жагынан тажрыйба ала турганын белгилеген.

Ал эми Андижан мамлекеттик университетинин ректору Акрамжон Юлдашев бүгүнкү иш сапары эки өлкө ортосунда, жогорку окуу жайында билим алып жаткан жаштардын ортосунда достукту бекемдей турганын айтып өткөн.

Расмий иш сапары менен Өзбек делегациясынын курамында келген Андижан мамлекеттик университетинин ректору Акрамжон Юлдашев Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында болуп, ректор Каныбек Исаков менен жолугушуп, пикир алышты. Ошондой эле өлкөдөгү ири, ачык университет болуп саналган ОшМУнун эл аралык билим берүү стратегиясы, автоматташтырылган электрондук башкаруу системасы боюнча презентация менен таанышты. Жолугушуунун алкагында Андижан мамлекеттик университетинин ректору ОшМУнун чет элдик студенттерге билим берүүдө, окуу процессинде заманбап электрондук техникаларды колдонуу жагынан жана автоматташтырылган электрондук системасы өзгөчө таасир калтыргандыгын айтты.

Белгилей кетсек, ОшМУ учурда дүйнөнүн 28 мамлекетиндеги 200дөн ашуун университеттери менен өз ара кызматташып келет.

10935 15:07 27-10-2016

                 

Новости

|< >|