Новости

Памир кыргыздарынын жашоо шартын чагылдырган сүрөт көргөзмө уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 24-октябрда Памир кыргыздарынын жашоо шартын чагылдырган сүрөт көргөзмө уюштурулду. Сүрөттөр ушул жылдын 3-октябрдан 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарабынан уюштурулган Памир кыргыздарына жардам берүүгө арналган гуманитардык экспедиция учурунда экспедициянын курамында барган ОшМУнун “Чет өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздарды изилдөө борборунун” атынан барган ОшМУнун доценти Абазбек уулу Расул тарабынан тартылып алынган.

Экспедициянын курамы гуманитардык жардамдарды жеткирүү менен биргеликте изилдөө иштерин жүргүзүп, дарыгерлер ден соолуктарын текшерип келишкен.

“Мурдагы экспедициялардан айырмаланып, бул жолу Кыргызстандан барган жардам кыргыздардын айылдарына түз жеткирилип, алардын реалдуу турмушун көрүүгө шарт түзүлдү. Борбордун максатына ылайык, маанилүү миссия бул ал жерде жашаган боордошторубуздун балдарынын билим деңгээлин болжолдуу болсо да аныктоо эле.

Тилекке каршы, жеткинчектердин дээрлик бардыгынын сабаты жоюлган эмес, географиялык-климаттык шарты оор аймакта билимсиздик өкүм сүрөт деп айтса болот. Учурда Афган өкмөтү Улуу Памирге быйыл чакан болсо да оорукана салып берген, жана дагы бир кичинекей мектептин курулушу бүтө элек. Учурда Улуу жана Кичи Памирди жердеген боордошторубуздун саны 1500 кыргызга чукулдап барат. Бүгүнкү көргөзмөдө өз көзүбүз менен көрүп келген Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздардын жашоо шарты боюнча маалымат берели дегенбиз”, -деди Расул Абазбек уулу.

Белгилей кетсек, Абазбек уулу Расул өзү менен биргеликте ОшМУнун жетекчилиги тарабынан демилгеленип ушул жылдын 25-февралында уюштурулган “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам!” аттуу кайрымдуулук марафонунан түшкөн 384 миң сом акча каражатына алынган күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюм-тайымдар, кийим-кечектер, азык-түлүк, концелярдык каражаттарды экспедициянын коштоосунда Ооган кыргыздарына жеткирип келген.

ОшМУ Ооган кыргыздары жөнүндө тарыхый, маданий жана демографиялык жалпы маалыматтарды топтоо, анализдөө, Ооган кыргыздарынан каалоочу 5 өспүрүм жаштарды Кыргызстанга алып келип орто, кесиптик же жогорку билим алуусуна баардык шарттарды түзүп берүү (жатакана, тамак-аш, окуу акысы ж.б. чыгымдары окуу жай каржылап берет). окуу жайдын жамааты тарабынан гуманитардык жардамдарды (кийим-кече, күндөлүк колдонуучу буюмдар, окуу куралдары жана окуу каражаттары ж.б.) топтоо жана аны жеткирүү милдетин алдына койгон. Учурда бул багытта алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

9891 15:03 24-10-2016

                 

Новости

|< >|