Новости

ОшМУда Дипломатиялык кызматкердин күнү белгиленди

Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде Бириккен Улуттар Уюму жарыялаган Дипломатиялык кызматкердин күнү белгиленди.

Дипломатия кызматкерлеринин күнүнө жана окуу жайдын эл аралык мамилелер факультетинин 1-курстарын студенттикке кабыл алуу аземине арналган салтанат университеттин башкы имаратында болуп өттү.

Иш чарага КРнын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгүндөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Мирлан Исмаилов, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, Казакстандын, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы косулдугунан, эл аралык уюмдардан өкүлдөр, факультеттердин декандары, окутуучулар, студенттер катышышты. Салтанатта куттуктоо сөзүн жолдогон ОшМУнун ректору Каныбек Исаков «Эгерде дипломатия жок болсо анда дүйнөдө тынчтык, өсүп-өнүгүү болмок эмес. Баарын акыл-эс, диалог, түшүндүрүү аркылуу чечкен бул дипломаттар. Бизге анчалык байкалбаганы менен күндөлүк иши өтө оор, татаал кесиптердин бири. Бул кесипти аркалоо үчүн университеттеги абройлуу факультеттердин бири болгон эл аралык мамилелер факультетине тапшырып, билим алып жаткан жаштарыбыздан келечекте мыкты адистер, мыкты дипломаттар чыгат деген ишеничтебиз. ОшМУ билим берүү тармагында ар кайсы өлкөлөрдүн мекемелери, элчиликтери, университеттери менен алака жасап, достук мамилени чыңдоого өз салымын кошуп келе жатат», -деди жана дипломаттардын кесип майрамы менен куттуктады.

Кече эл аралык мамилелер факультетинин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, студенттерди куттуктоо үчүн келген сыйлуу коноктордун майрамдык сөздөрүнө орун берилди. Анда 1-курстун студенттерине студенттик билеттер тапшырылды.

«Эл аралык мамилелер факультети Кыргызстандын тышкы экономикалык, тышкы саясий байланыштарын жогорулатуучу адистерди, дипломаттарды, элчилерди, дипломатиялык корпустардын кызматкерлери сыяктуу бир топ адистерди мыкты даярдоого белсенип келе жактан факультет. Дипломаттардын кесиптик майрамы менен биргеликте биз 1-курска кабыл алынган студенттердин да алгачкы конгуроо аземин өткөрүп жатабыз. Ошондой эле кечеде учурда эмгектенип жаткан дипломаттар менен келекчектеги дипломаттар жолугушуп, пикир алышууга да шарт түзүп берип жатабыз», -деди факультеттин деканы Эрлан Камалов.

Кошумчалай кетсек, ОшМУда эл аралык мамиле факультетинде болочок дипломатиялык кызматкерлер даярдалат. Адистикти аяктаган бүтүрүүчүлөр өлкөбүздүн тышкы иштер министрлигинде, Кыргызстандын сырттагы элчиликтеринде, консулдуктарында жана түрдүү эл аралык уюмдарда үзүрлүү эмгектенип келишет.

9261 14:10 24-10-2016

                 

Новости

|< >|