Новости

CAFдин карьералык билим берүү боюнча консультанты Жылдыз Акназарова «АКШ жана Европада магистратурада билим алуу үчүн стипендиалык программалар» боюнча мастер-класс

Ош мамлекеттик университетинде 20-октябрь күнү CAFдин карьералык билим берүү боюнча консультанты, Ош шаарындагы официалдуу өкүлү, ОшМУнун профессору Жылдыз Акназарова «АКШ жана Европада магистратурада билим алуу үчүн стипендиалык программалар» боюнча каалоочуларга мастер-класс өткөрдү.

Жолугушууда катышуучулар программаларга катышуунун талаптары, шарттары, документ тапшыруунун жолдору, мотивациялык кат, эссе, интервью даярдоо боюнча маалымат алышты.

Жылдыз Акназарова – АКШнын Портленд мамлекеттик университетинде, Филадельфиянын университеттеринде, Дүйнөлүк Банктын экономикалык өнүктүрүү институтунда, Кеннан университетинде, Вудроу Вильсон (США), CEU (Будапешт), Биргелешкен Венна институтунда бизнес жана менеджментти башкаруу багытында стипендиалык программалар боюнча билимин өркүндөтүп келген.

Учурда Жылдыз Акназарованын консультацияларын алган 1500дөн ашуун жаштар чет өлкөлөрдө стипендиалдык гранттык программалар боюнча билим алып келишкен.

10420 11:42 21-10-2016

                 

Новости

|< >|